БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Россиянын Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
© Фото / пресс-служба МИД КР
Дипломатиялык өкүлчүлүктү ачуунун максаты — экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну мындан ары Россия менен өнүктүрүү, ошондой эле Кыргызстан жарандарынын РФтин аймагында жүрүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.
Башкы консулдуктун округуна Карелия Республикасынын, Коми Республикасынын, Архангельск, Вологда, Калининград, Ленинград, Мурманск, Новгород, Псков облустарынын жана Санкт-Петербург шаарынын аймактары кирет. Бул жерлерде жүргөн мекендештер консулдук кызматтын бардык түрлөрү боюнча кайрыла алышат.
Башкы консулдуктун дареги: Санкт-Петербург шаары, Верейская, 9 көчөсү (метростанциялары: Пушкинская жана Технологический институт);
Телефон: +78124182422;
Ыкчам байланыш телефону: +78124182422;
Электрондук дареги: kgstpetersburg@mfa.gov.kg.
Иштөө графиги: дүйшөмбү-жума, саат 9:00дөн 18:00гө чейин (саат 13:00-14:00 түшкү тыныгуу).