Жапаров: Кыргызстанда Россиядан билим алууга жана орус тилине болгон кызыгуу күчөдү

Sputnik
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Кыргызстанда Россиядан билим алууга жана орус тилине болгон кызыгуу күчөдү. Бул тууралуу КР президенти Садыр Жапаров Бишкекте, Баткен жана Караколдо кыргыз-орус мектептеринин курулушуна старт берүү аземинде билдирди.
Жапаров менен РФ лидери Владимир Путин салтанатка видеоконференция режиминде катышкан.
КР президентинин айтымында, бул мектептердин бүтүрүүчүлөрү эки өлкөнүн аттестатына ээ болушат. Окуу орус тилинде жүрүп, программа Кыргызстан менен Россиянын мамлекеттик стандартына негизделет. Мектептердин курулушун кийинки жылы баштоо мерчемделген.
"Биз стратегиялык өнөктөшпүз, союздашпыз, билим берүү жаатындагы кызматташуу эки өлкөнүн ортосундагы мамилени таасын чагылдырып турат. Алака барган сайын бекемделип, натыйжасы артууда. Акыркы жылдары Кыргызстанда Россиядан билим алууга жана орус тилине болгон кызыгуу күчөдү", — деди Жапаров.
Ал россиялык кесиптешине билим берүү тармагында көрсөткөн колдоо үчүн ыраазычылык билдирди.
"Мектептердин курулушу — элдерибиздин жаркын келечеги үчүн жасалчу узак мөөнөттүү иштин башталышы гана", — деп кошумчалады Жапаров.
Жапаров менен Путин Кыргызстандагы үч мектептин курулушуна старт берди. Видео