Ош: дрондордун маанай көтөргөн укмуш шоусу. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Ош шаарында Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө арналган, көргөндөрдү кайдыгер калтырбаган дрондордун шоусу уюштурулду.
Асманга көтөрүлгөн учкучсуз аппараттар Манас баатырдын, кербендин, бүркүттүн кыймылдуу элестерин шаардыктарга жана конокторго тартуулады. Адистердин кесипкөйлүгү менен мыкты уюштурулган бул шоу Ош шаарындагы майрамдык гала-концерттин алкагында борбордук аянтта өттү. Андан кийин театрлаштырылган номерлер тартууланды.
Эске салсак, Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгы Ош шаарында масштабдуу түрдө өттү. Ага президент Садыр Жапаров баш болгон бийлик башындагы аткаминерлер — министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана өкмөттүн бир катар мүчөлөрү катышты.
Бир келген тарыхый шансты колдон чыгарбайлы! Жапаровдун куттуктоосу