Радио

Министрлик: эми дин таануу сабагы 7-8-класстарга да кирет

Билим берүү жана илим министрлигинин мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Кыялбек Акматов окуу планындагы өзгөрүүлөр боюнча айтып берди.
Sputnik
Бүгүнкү күндө республика боюнча мектептерге 698 мугалим жетишпейт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мындан ары дин таануу сабагын 7-8-класстын окуучулары да окуйт.
"2023-2024-окуу жылында окуу планына бир катар өзгөрүүлөр кирди. Адам жана коом сабагы 7-8-класстарга китептердин жоктугунан окутулбай жаткан. Бул жылы 7-8-класстын окуучулары бул сабак менен кошо эле дин таануу сабагын да окушат. Буга чейин дин таануу сабагы 9-класстарга окутулуп келген. Ошондой эле табият таануу сабагы 5-класска жумасына бир жолу өтүлсө, эми эки ирет болмокчу. Ал эми предметтик китептердин абалы боюнча айта турган болсок, бул жаатта бир топ өксүктөрүбүз бар. Окуу куралдары 100 пайыз жетиштүү деп айта албайбыз", — деди Акматов.
Ал окуучуларга жогорку деңгээлде билим берүүгө мүмкүн болушунча аракеттер жасалып жатканын кошумчалады.