Мариуполдо 1100 орундуу жаңы мектеп ачылды. Видео

Билим уясын Россиянын Коргоо министрлигинин аскердик-курулуш комплексинин адистери салган.
Sputnik
Билим күнүнө карата салтанаттуу жыйындар Россиянын бардык аймагында өттү. Партага 18 миллион окуучу отурса, алардын ичинен эки миллиону биринчи класстын босогосун аттады.
Мариуполдо да 1100 орундуу жаңы мектеп ачылды. Аны Россиянын Коргоо министрлигинин аскердик-курулуш комплексинин адистери салганын РИА Новости жазды.
Билим уясынын үч кабатында тең класстар, физика, биология, авиамоделдөө боюнча лабораториялар, киберспорт жана эмгекке үйрөтүү кабинеттери бар. Чоң эки спорттук зал, 550 кишиге ылайыкталган чоң зал, 530 орундуу ашкана да орун алган.
Россиянын агартуу министрлигинин башчысы Сергей Кравцов билим берүү системасы Россиянын бардык аймагында үзгүлтүксүз башталганын журналисттерге айтып берди.
Тема боюнча:
Россия өзүнүн ЖОЖдоруна окуганга 1000 кыргызстандыкка квота берди