Кызыл-Кыяда РКӨФ колдоосу менен жеке мектепке жаңы корпус салынды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Кызыл-Кыя шаарында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен орто мектепке жаңы корпус салынды. Фонд билим уясын жакшыртуу үчүн 512 миң доллар бөлгөн.
"Азамат" жеке менчик окуу-тарбия берүү комплекси 2019-жылы 100 орунга ылайыкталып ачылган. Жаңы корпустун салынышы менен 450 окуучу билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Анын аянты 1 717 чарчы метр, баары керектүү жабдуулар жана эмеректер менен жабдылган. Үч кабаттуу имарат, спорт залы менен курулуп айланасы көрктөндүрүлгөн.
Ачылыш аземине РФ президентинин Аймактар аралык жана чет элдик мамлекеттер менен маданий байланыш түзүү башкармалыгынын жетекчиси Игорь Маслов башында турган россиялык делегация катышкан.
Аталган объектинин курулушуна былтыр октябрь айында капсула салынган, бир жылга жетпей бүткөрүлгөн.
Кыргызстанга россиялык делегация келип, ири объектилерди кыдырууда