Кыргыз-өзбек чек арасындагы жабылып калган 2 өткөрмө пункт кайра ачылды. Видео

Жанданган өткөрмө бекеттери Араван жана Сузак райондорунда жайгашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Кыргыз-өзбек чек арасындагы мурда жабылып калган эки көзөмөл-өткөрмө пункту кайрадан ачылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.
"Кара-Багыш автожол" бекети Ош облусунун Араван районунда жайгашкан. Ал эки тараптуу өткөрмө пункту макамына ээ, андан Кыргызстан менен Өзбекстандын гана жарандары жөө өтө алат. Машина айдап, жүк, товар жана жаныбарларды ташып чыгарууга болбойт.
1 / 3

"Кара-Багыш автожол" бекети Ош облусунун Араван районунда жайгашкан

2 / 3

Ал эки тараптуу өткөрмө пункту макамына ээ, андан Кыргызстан менен Өзбекстандын гана жарандары жөө өтө алат

3 / 3

Машина айдап, жүк, товар жана жаныбарларды ташып чыгарууга болбойт

"Бек-Абад автожол" өткөрмө пункту Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жайгашкан, Өзбекстандын Анжиян облусуна өтүүгө шарт түзүлөт. Ал көп тараптуу өткөрмө пункту болуп саналат. Тагыраагы, үчүнчү өлкөнүн жарандары жана жеңил унаалар (кайсы өлкөнүн унаасы каралбайт) өтө алышат. Бирок жүк, товар, жаныбарларды ташып өтүүгө тыюу салынат.
1 / 3

"Бек-Абад автожол" өткөрмө пункту Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жайгашкан, Өзбекстандын Анжиян облусуна өтүүгө шарт түзүлөт

2 / 3

Ал көп тараптуу өткөрмө пункту болуп саналат. Тагыраагы, үчүнчү өлкөнүн жарандары жана жеңил унаалар (кайсы өлкөнүн унаасы каралбайт) өтө алышат

3 / 3

Бирок жүк, товар, жаныбарларды ташып өтүүгө тыюу салынат

Чек ара кызматы аталган өткөрмө пунктулары Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы жетишилген макулдашуудан кийин жанданганын белгиледи.
Бедел. Кыргыз-кытай чек арасында дагы бир өткөрүү жайы пайда болот