Бишкекте камералардын жүздү таануучу функциясынын жардамы менен адам өлтүрүүгө шектелген Казакстандын жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
2022-жылдын 25-сентябрында Жамбыл облусунун Шу районунун ооруканасына ок жеген 23, 25 жана 26 жаштагы балдар түшкөн. Алардын бирөө реанимациядан үзүлгөн. Факт боюнча "Адам өлтүрүү" беренеси менен иш козголгон.
Кылмышка шектүүлөр кармалып, бирок 2000-жылкы Ш.М. качып кеткен. 21-августта аны Бишкектеги видеокамералар аныктаган. Шектүү соода борборлордун биринен колго түшкөн. Бирок аны медициналык күбөлөндүрүүгө алып келишкенде качып кеткен. Аны кайра 29-августта Туңгуч кичи районунан ижарага алынган батирден кармашкан.
ИИМ борбор калаадан дагы эки казакстандыктын кармалганын кабарлады. Алардын бири Астанадагы кафелердин бириндеги массалык мушташтан бери качып жүргөн. Ал жаңжалда адам өмүрү кыйылган. Экинчиси Алматыда фитнес машыктыруучуну атып кеткен окуяга тиешеси бар деп шектелүүдө.
Тема боюнча: