Лавров: быйыл ЕАЭБ ичиндеги соодада улуттук валютанын үлүшү 90%ды түзөт

Өткөн жылы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн улуттук валюта менен жүргүзгөн соода-сатыгы 76 пайызга чамалап барган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. 2023-жылы ЕАЭБ ичиндеги соодада улуттук валютанын үлүшү 90 пайызды түзө турганын Россия ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров билдиргенин РИА Новости жазды.
Министр Билим күнүнө карата МГИМО студенттеринин алдында сүйлөгөн. Лавровдун айтымында, резервдик делген евро, йена, доллардын бири да ишенимдүү валюта боло албайт.
"Былтыр ЕАЭБ ичиндеги соода жана өз ара эсептешүүдө улуттук валютанын үлүшү 76 пайызга жеткен, быйыл көрсөткүч 90 пайызга жетет деп күтүп жатабыз. Дедолларизация процесси ЕАЭБ түзүлүп жатканда өзүнчө максат катары каралган эмес", — деди Лавров.
Анын айтымында, биримдикке мүчө өлкөлөр атайылап АКШга же Батышка каршы нук алган жок.
"Бул тууралуу президент да эскерткен — долларды талкалай турган биз эмес болчубуз, АКШ баарына жеткиликтүү болгон доллардын ролун шарттай албай калды. Кеп ушунда", — деди Лавров.
Кыргызстанга кирген инвестициялардын үчтөн бир бөлүгү ЕАЭБге туура келет