Жогорку Кеңештин депутаттары каникулдан кайтып келишти.
Бүгүн, 1-сентябрда, III сессия ачылып, парламентарийлер ишке киришти. Кийинки жумадан тарта жыйындар башталат.
Эки айдан бери көрүшө элек эл өкүлдөрү төш тийгизе кучакташып, өбүшүп учурашып жатышты.
Бирок Ак үй депутаттарды тосууга даяр боло элек экен. Оңдоо иштери бүтпөй калып, казыл килемдер жок, кээ бир терезелер салынган эмес. Азыр да усталар иштеп жатат.
Жыл сайын депутаттар июнь айынын аягында эки айлык эс алууга кетет. Бул күндөрү аймактарды кыдырып шайлоочулар менен жолугушуу да каралган.
Тема боюнча: