Бүгүн салыктарды төлөөнүн акыркы күнү. Ведомство эскертти

Сом купюралары. Архивдик сүрөт
Sputnik
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Бүгүн, 1-сентябрь, транспорт, турак жай жана үй жанындагы жер участогуна салыктарды төлөө мөөнөтүнүн акыркы күнү. Бул туурасында Салык кызматынан эскертишти.
"Салыктын акчаларын банктардын кассаларына, почта бөлүмдөрүнө, ошондой эле төлөм жана POS-терминалдарга, аны менен катар эле төлөм карталары, мобилдик жана интернет-банкинг аркылуу төлөөгө болот", — деп айтышты алар.
Төлөмдөр же салыктын түрлөрү боюнча кандайдыр бир түшүнүксүз суроолор жаралса же кеңири маалымат алууну кааласаңыз, 116 номерине чалып же www.sti.gov.kg сайтынан табууга болот.
Салык кызматынын атайын салыктарды контролдоо боюнча бөлүмүнүн башчысы Тынарбек Кошматов
Радио
Кошматов: батирин ижарага бергендер салык төлөшү керек