"Спонсордук жардам". Бишкекте дагы бир мектептин директорун кармашты

Буга чейин борбор калаадагы билим жайларынын биринин жетекчиси пара алды деген шек менен кармалган эле.
Sputnik
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Борбор калаадагы мектептердин директорунун бири окуучуларды кабыл алууда жана которууда акча чогултууну талап кылган деген шек менен кармалганын УКМКдан билдиришти.
"Директор тарабынан окуучуларды кабыл алуу жана которуудан түшкөн каражатты алуу боюнча мыйзамсыз схема уюштурулган. Ошону менен бирге өз аракеттерин мыйзамдаштыруу максатында окуу жайдын администрациясынын катуу талап кылуу сунушу боюнча ыктыярдуу-милдеттүү түрдө демөөрчүлүк жардам иретинде 30 миң сомдон 100 миң сомго чейин акча каражаты депозитке салынган", — деп айтылат маалыматта.
Аталган факт боюнча 30-августта атайын эсепке 40 миң сом өлчөмүндө акча каражаты салынганын тастыктаган документтердин негизинде директору Т.Ч.Д. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Бишкекте коррупцияга шектелген мектеп директору пара менен кармалды. Видео