Беларуста ЖККУнун машыгуусу башталды. Сүрөт

Уюмдун башкы катчысы окуулар эл аралык абал татаал болуп турганда башталганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Беларустун Брест шаарында ЖККУнун "Күжүрмөн боордоштук — 2023" деп аталган окуу-машыгуусу башталганын Кыргызстандын Коргоо министрлиги билдирди.
Катышуучулар Брест чебин коргоодо көз жумган жоокерлерди аза мүнөтү менен эскерип, Өчпөс отко гүл коюшту.
1 / 4

Беларустун Брест шаарында ЖККУнун "Күжүрмөн боордоштук — 2023" деп аталган окуу-машыгуусу башталды

2 / 4

Катышуучулар Брест чебин коргоодо көз жумган жоокерлерди аза мүнөтү менен эскерип, Өчпөс отко гүл коюшту

3 / 4

Жалпы жонунан иш-чарага 2 500дөн ашуун аскер кызматкери катышууда

4 / 4

ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн аскердик жана атайын техникасы тартылган

Генерал-майор Андрей Матиевичтин жетекчилиги алдында "Өз ара аракеттенүү — 2023", "Издөө — 2023", "Эшелон — 2023", "Барьер — 2023" окуулары өтүп жатат.
Жалпы жонунан иш-чарага 2 500дөн ашуун аскер кызматкери катышууда, ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн аскердик жана атайын техникасы тартылган.
Уюмдун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов учурдагы эл аралык абалдын татаал болуп турганын белгиледи:
"Дүйнөнүн улам бир бурчунда абал курчуп жатат, эски чыр-чатактар жанданууда. Бүгүнкү күндө туш болуп жаткан кыйынчылыктар гибриддүү келип, аларды чечүү үчүн атайын ыкмалар зарыл болуп жатат. Бул иш-чараны дал ушул коопсуздук жаатындагы жаңы чакырыктар шарттады", — деди жетекчи.
Тасмагамбетов Ыкчам аракетке келүүчү жамааттык күчтөрдү чыңдоо ЖККУ мамлекеттеринин коопсуздугун коргоочу негизги шарт экенин белгиледи.
ЖККУда Кыргызстанда боло турган машыгуу туурасында айтышты