БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Опузалап пара алып жаткан жеринен Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү, юстициянын майору З.У.К. кармалганын УКМКдан билдиришти.
Аны менен табакташ болгон М.У.А. аттуу шериги да атайын кызматтын кылтагына илинген.
"З.У.К. тергелип жаткан кылмыш иш боюнча маселени оң тарапка чечип берүү үчүн чет элдик компаниянын өкүлдөрүнөн бир нече жолу опузалап талап кылып, пара алганы аныкталды", — деп билдиришти атайын кызматтан.
Тергөөчү майордун 8000 долларлык параны экиге бөлүп алганын айтышты. 4000 долларды Ош шаарында М.У.А. аттуу ортомчусу аркылуу "өздөштүргөнүн" маалымдашты.
Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүмүнүн негизинде ("Опузалап пара талап кылуу") облустун башкы башкармалыгы иш козгогон.
Учурда прокуратуранын тергөөчүсү жана анын шериги Жалал-Абад шаардык сотунун санкциясы менен УКМКнын Жалал-Абад областынын башкы башкармалыгынын тергөө камак жайына эки айга камакка алынган.