Алты жылга созулуп, миллиондогон өмүрдү алган согуш. Тарыхый видео

1939-жылдын 1-сентябрында башталган Экинчи дүйнөлүк согуш алты жылга созулуп, 80 миллионго чукул адамдын өмүрүн алып кетти.
Sputnik
Согуштун башталышына "Мюнхен сүйлөшүүсү" чок таштаган. Нацисттик Германия, фашисттик Италия, империалисттик Улуу Британия менен Франция Гитлерге Чехословакиянын бир бөлүгүн аннексия кылганга уруксат кылышкан. Андан сырткары, аскерлерди Чыгыш Европага жылдырууга да мүмкүнчүлүк беришкен.
Экинчи дүйнөлүк согуштун оту Европада, Африкада, Тынч океан аймагында жалындаган. 1940-жылдын июнуна карата Европанын көп өлкөсү фашисттик оккупацияда калган. 1941-жылдын 22-июнунда Германия күтүүсүздөн СССРге кол салса, 1945-жылдын 9-майында фашисттердин жана анын союздаштарынын талкаланышы менен Улуу Ата Мекендик согуш аяктаган.