Алайдын 80 пайызын электр энергия менен камсыздоочу ГЭСтин курулушу башталды

Курулушка РКӨФ колдоо көрсөтүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Алай районунун Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн Капчыгай участкасына чакан ГЭС куруу иштери башталды. Бул тууралуу акимчиликтен билдирди.
1 / 2

Алай районунун Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн Капчыгай участкасына чакан ГЭС куруу иштери башталды

2 / 2

Маалыматка ылайык, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду чакан ГЭС салуу үчүн колдоо көрсөтүп, 4 миллион 200 миң доллар берет. Фонддун төрагасы Артём Новиков менен “Алай Гидро" ишканасынын директору жеринде келишимге кол коюшкан.

Аталган кичи ГЭСти 2024-жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда. Андан 9 мВт электр энергиясы иштелип чыгып, Алай районунун 80 пайызын камсыздайт. Ошол эле учурда жумуш орундары да пайда болот.
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Майлы-Сууда чакан ГЭС куруу демилгесин колдойт