Оштогу ипподромдогу нааразычылык эмнеден чыккан? Милиция үн катты

Милиция учурда ат майдандан бардык жарандар тарап, аймакта абал тынч экенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Ош облусунун "Төлөйкөн" ат майданында көк бөрү оюну бүтөрдө көрүүчүлөр калыска нааразы болуп, бейбаштык кылышкан. Бул тууралуу Ош ОИИБ кабарлады.
Буга чейин окуянын видеосу тараган. Анда көрүүчүлөр менен оюнчулар аралашып кеткенин көрүүгө болот.
Милициянын маалыматына ылайык, "Төлөйкөн" ипподромунда өткөн көк бөрү боюнча президенттин кубогуна 40 миңден ашуун көрүүчү келген.

“Финалдык беттеш аяктаарда көрүүчүлөр калыстын чечимине нааразычылыктарын билдирип, аларга карата бош желим бөтөлкө ыргытышкан”, — деп жазылган маалыматта.

Милиция окуя боюнча териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Учурда ат майдандан бардык жарандар тарап, аймакта абал тынч деп билдирди.
"Ынтымак" командасы көк бөрү боюнча клубдар аралык дүйнө кубогун жеңип алды