БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Окумуштуулар бала кезинде аз кыймылдаган адамдар кийин инфаркт жана инсультка көбүрөөк кабыларын аныктады. Бул тууралуу Medical Xpress басылмасы жазды.
Бул изилдөөнүн башчысы Чыгыш Финляндия университетинен доктору Эндрю Агбайе учурда балдар телефон менен планшетке алаксып, убактысын жөн эле отурган жеринде өткөрүп жаткандыгын айткан. Эксперименттин алкагында 11 жаштагы 766 бала жети күн бою активдүүлүгүн көзөмөлдөөчү "акылдуу" саат тагынып жүргөн. Алар кийин 15 жана 24 жашка чыкканда кайрадан текшерүүдөн өткөн. Ар биринде жүрөктүн сол карынчасынын салмагы эхокардиографиянын жардамы менен текшерилип турган.
Жыйынтыгында кыймылсыз жашоо образынын ар бир мүнөтү жүрөктүн сол карынчасынын чоңоюшуна алып келип, инсульт, инфаркт жана өлүм коркунучун эки эсеге көбөйтөрү аныкталган.