Тунгуч өкмөт башчы Насирдин Исановдун айкели ОшМУнун алдына коюлду

Исановдун 80 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Ош облусунда майрамдык иш-чаралар өтүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Ош мамлекеттик университетинде көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер, Кыргызстандын биринчи премьер-министри Насирдин Исановдун эстелигин ачты.
Салтанаттуу аземге бийлик өкүлдөрү, мамлекеттик ишмердин туугандары катышты.
1 / 5

Президент Садыр Жапаров Ош мамлекеттик университетинде көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер, Кыргызстандын биринчи премьер-министри Насирдин Исановдун эстелигин ачты.

2 / 5

Салтанаттуу аземге бийлик өкүлдөрү, мамлекеттик ишмердин туугандары катышты.

3 / 5

Мамлекеттик ишкерге эстелик тургузууну ОшМУнун жетекчилиги демилгелеп, ишке ашырган.

4 / 5

Насирдин Исанов 1990-жылы Аскар Акаев менен кошо президенттикке ат салышкан.

5 / 5

Премьерликтен көп өтпөй эле ал кездеги версиялар боюнча жол кырсыктан, 48 жашында көз жумган.

“Кумтөр маселесинде Насирдин Исанов кыргыз алтынын өзүбүз гана иштетебиз деген позициядан тайган эмес. Тилекке каршы, шылуундардын максаты ишке ашып, Исановдун кейиштүү тагдыры менен аяктаганы өтө өкүнүчтүү болду. Кумтөр 2021-жылы толугу менен Кыргызстандын менчигине өткөрүлдү. Ийгиликтин эрте кечи жок дегендей, кеч болсо да элибиздин ырыскысы мамлекетибиздин өнүгүүсү үчүн ийгиликтүү иштеп жатат”, — деп эскерди президент.
Мамлекеттик ишкерге эстелик тургузууну ОшМУнун жетекчилиги демилгелеп, ишке ашырган.
Насирдин Исанов 1990-жылы Аскар Акаев менен кошо президенттикке ат салышкан. Премьерликтен көп өтпөй эле ал кездеги версиялар боюнча жол кырсыктан, 48 жашында көз жумган. Анын каза болушу көптөгөн бүдөмүк ойлорду жараткан.
Исановдун 80 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Ош облусунда майрамдык иш-чаралар өтүп жатат. Жакында эле мамлекет башчынын жарлыгы менен “Кыргыз Республикасынын Баатыры” жогорку наамы ыйгарылды.
Европанын борбору Венгрияда Саякбай Каралаевдин эстелиги тургузулду