Маданият министрлигинин имаратын 29 млн. сомго оңдоо үчүн конкурс жарыяланды

Sputnik
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн конкурс жарыяланды. Билдирүү Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган.
Жасала турган иштер 28 миллион 927 миң сомго бааланууда. Конкурска катышууну каалаган курулуш компаниялары 15-сентябрга чейин Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгына кайрылышы шарт.
Оштогу Терешкова интернатына жатакана курууга 308 млн. сомго конкурс жарыяланды