Кыргызстандын кесмесин ЕАЭБдин бардык мамлекеттери сатып алат. Сандар

Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу акчалай ЕАЭБге жасалган экспорт 24 пайызга өскөн.
Sputnik
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Кыргызстан быйылкы жылдын биринчи жарымында Евразиялык экономикалык биримдикке макарон азыктарын сатуудан 4,4 миллион долларга жакын каражат тапкан. Бул тууралуу Статистика боюнча улуттук комитеттен кабарлады.
Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу акчалай алганда ЕАЭБге жасалган экспорт 24 пайызга өскөн. Көрсөткүчтүн деңгээли негизинен Россия менен Казакстанга сатуудан көбөйгөн.
Кыргызстандын кесмелеринин экспорту 2023-жылдын биринчи жарымында ЕАЭБ мамлекеттерине төмөнкүдөй көлөмдө сатылган:
Россия — 2,4 миллион доллар;
Казакстан — 1,7 миллион;
Беларусь — 234,5 миң;
Армения — 56 миң доллар.
Кыргызстандан мөмө-жемишти негизинен ЕАЭБ өлкөлөрү алат