Кулунду желеге байлаган ноктону "чыпта" деп колдонууга болот. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, аталган буюм кулундун терисин өйкөп салбашы үчүн атайын жумшак жиптен жасалат. Эпосто "чыпта" деген көөнө сөз кездешет. Анын мааниси учурда дагы актуалдуулугун жогото элек. Анткени ички миграция күч алып, глобалдашуу, технологиянын өнүккөнүнө карабастан бээ байлаган жайлоолордон кымыз ичүү азыр да көптөр үчүн маанилүү. Ошол жайлоодо бээ сааганда, кулунду желеге байлаш үчүн атайын жумшак жиптен жасалган нокто колдонулат. Ошонун аталышы "чыпта". Аны жалпылап нокто, желеге байлаган жип деп колдонуп жүрөбүз", — деди Талантбеков.
Ошондой эле ал көөнө сөздөрдү кийинки муундарга жеткирүү ар бирибиздин милдетибиз экенин кошумчалады.