Бишкекте жаңы 200 автобус каттамга чыкты. Маршруттун схемасы

Маршруттук каттамдар оптимизация болгону айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Бишкекте бүгүндөн тарта Кытайдан алып келинген жаңы автобустар каттамга чыга баштады. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Бул транспорттордун келгенине байланыштуу маршруттук каттамдар оптимизация болгону айтылды. Ага ылайык, автобустук үч жаңы линия ачылып, бешөө маршруткалар каттаган схеманын ордуна коюлган. Шаардыктарга ыңгайлуу болуш үчүн ошол эле маршруткалардын линиясынын номери автобустарга берилген.
Жаңы линиялар: №15, №51, №52.
Маршруткага алмашкандар: №100, №105, №152, №195, №32.
Белгилей кетсек, борбор калаага Кытайдан газ менен жүргөн 200 автобус алып келинген. Жыл этегине чейин жалпы 500 автобустун келиши пландалган, дагы 500ү кийинки жылы келери пландалууда.
Бишкекте коомдук транспорт тилкесине кызматтык унааларды да киргизүү каралууда