Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Байден Украинадагы жаңжалды эмнеге созуп жатканын ЦРУнун экс-кеңешчиси айтты

Эксперттин айтымында, Украинанын жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү жок, анткен менен чыр-чатак дагы ырбай берет.
Sputnik
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. АКШнын президенти Жозеф Байдендин администрациясы Украинадагы жаңжалды 2024-жылдагы шайлоого чейин созгонго аракет кылат, бул өлкө башчынын кайра бийликке келүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Мындай пикирин ЦРУнун мурдагы кеңешчиси Жейс Рикардс билдиргенин The Daily Reckoning басылмасы жазды.
Анын айтымында, Украинанын жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү жок, анткен менен чыр-чатак дагы ырбай берет.
"Байдендин командасы жеңилүүнү моюнга алгысы келбей жатат. Алар Байдендин шайлоодо мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу үчүн чыр-чатакты улантууну каалашат. Байден болсо 2021-жылы афгандыктарды таштап салгандай эле украиналыктарды да ара жолдо калтырат", — деп эсептейт Рикардс.
Эксперт жаңжалда Россия чечкиндүү түрдө жеңишке жетип келе жатканын, Батыштын Киевдеги курал-жарагы РФтин аскердик техникасы менен тең келе албай талкаланып жатканын айткан.
Адис кошумчалагандай, согушта каза тапкан украиналыктардын саны 200 миңден ашат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский АКШнын коопсуздук кепилдиги туурасында айтып берди