Азия менен “Барселона” легендаларынын оюнунан 14 сүрөт

“Барселона” футболдук клубунун мурдагы оюнчулары менен Азия легендаларынын жолдоштук беттешинде коноктор үчгол киргизип, жеңип алышты.
Sputnik
Оюн кечээ, 30-августта, Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү. Спортчулардын беттеши достукта жана жылуу маанайда өттү.
1 / 14

Кыргызстанга биринчи жолу мындай жогорку деңгээлдеги футбол жылдыздары келди

2 / 14

Президент Садыр Жапаров Азия легендаларынын курамында ойноду

3 / 14

Мамлекет башчы дүйнөлүк деңгээлдеги футболчулар келгенин эске салып, “анча-мынча гол кирип кетсе аларды сөкпөгүлө” деп күйөрмандарга кайрылды

4 / 14

"Барселона" өз стилинде ойноп, топту атаандаштарына бербей, катуу чабуулдарды жасап жатты

5 / 14

Мындай футболдук майрамды көргөнү келген эл стадионго толду

6 / 14

“Барселона” ардагерлеринин курамында чоң мелдештерден алган тажрыйбасын унута элек оюнчулар көп экени байкалды

7 / 14

Биринчи таймдан кийин күйөрмандардын алдында бий тартууланды

8 / 14

Азиянын футболчулары коргонуу позициясынан чабуулга өтүүгө аракет кылды, бирок каршылаштары мүмкүнчүлүк берген жок

9 / 14

Мындай учурлар кыргыз футболунда көп кайталана баштады. Сүйүктүүсүн футболго алып келген жигит ошол жерден колун сурады. Баса, Айдай ага турмушка чыгууга макул болгон

10 / 14

Президент Садыр Жапаров жарым сааттан ашыгыраак ойноп чыгып кетти. Гол киргизүүгө мүмкүнчүлүк жаралган жок. Акыйкаттык үчүн айта кетсек, топ ага дээрлик жетпей атты.

11 / 14

Экинчи голду жарым коргоочу Сорин алыстан тээп киргизди

12 / 14

Азия легендалары дагы атаандаштарынын дарбазасына топ тепкен учурлар болду, бирок гол киргизүү мүмкүн болгон жок

13 / 14

Оюн аяктап калганда “Барселона” үчүнчү топту киргизди

14 / 14

“Барселонанын” ардагерлери оюн жеңил болбогонун белгилешти

Тема боюнча:
Эрендердин оюну. Чолпон-Атада өткөн көк бөрү дүйнө кубогунан 20 сүрөт