"Мыйзам алгач 2014-жылы жаңы редакцияда кабыл алынган. Ал боюнча адвокатура көз карандысыз уюм катары түзүлүп иштеп келе жаткан. Бирок ошого карабай бир топ көйгөйлүү маселелер бар болчу. Жактоочулардын статусун көтөрүү, укук, милдеттерин күчөтүү зарылчылыгы жаралган. Анткени кээ бир жеке, юридикалык жактар алардын жиберген сурамдарына жооп бербей койгон учурлар, тескерисинче, адвокаттар жарандардын кайрылууларын жоопсуз калтырган маселелер көп катталган. Ошондуктан, эми жаңы мыйзамга ылайык, жактоочулардын съездин өткөрүүдө аймактагы өкүлчүлүктөрдөн ондон делегат катышат. Ошондой эле текшерүү комиссиясынын ыйгарым укуктары кеңейтилип, этика комиссиясынын жоопкерчиликтери күчөтүлөт. Бул максатта этика комиссиясынын мүчөлөрүнүн санын тогуздан жетиге түшүрдүк, анын экөө министрликтен болот. Мурда адвокатуранын аймактык башкармалыктары жети облус жана эки республикалык шаарда бирден болуп келсе, эми 70 адвокат чогулуп өзүнчө бир филиалын түзө алат деп өзгөрттүк. Анткени жактоочулар көп Ош, Бишкек сыяктуу чоң шаарларда алар чогулбай, кворум болбой, кандайдыр бир маселелерди чечүүдө тоскоолдуктар болчу. Эми ошол башкармалыкка кирген адвокаттардын мурдагыдай үчтөн эки эмес, үчтөн бир бөлүгү топтолгон кезде эле кворум бар деп эсептелет. Мындан сырткары, башкармалыктын жетекчилигине бир жактоочудан шайлоо жолу менен эки жолудан ашык келе албайт", — деди Сыдыков.