Садыр Жапаров Бишкектеги кыргыз-түрк ооруканасына барды. Сүрөт

Президент өлкөгө келген түркиялык 140 адис ар кандай каалоо-тилектери менен кайрыла аларын айтып, кыргыз тарап аларга Кыргызстанда ыңгайлуу болушу үчүн бардык шарттарды түзүүгө милдеттенерин баса белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы ички органдарды трансплантациялоо боюнча операция ийгиликтүү жасалган Кыргыз-түрк достугу ооруканасына барды.
Президенттин маалымат кызматы ал жайда мындай операциялар толугу менен жасала баштаганын, ооруканага квалификациялуу медициналык кызматкерлер тартылып, заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылганын билдирди.
"Учурда Түркиядан келген 140 медициналык адис Кыргызстанда эки-үч жыл иштеп, жергиликтүү дарыгерлерди иш жүзүндө үйрөтөт. Бул мезгилде ата мекендик адистер тажрыйба топтоп, бөйрөк алмаштыруу операцияларын өз алдынча жасай баштайт", — деп айтылган маалыматта.
Жапаров ички органдарын алмаштырган бейтаптарды көрүп, алардын ден соолугунан, ал-акыбалынан кабар алып, алардын тезирээк сакайып кетишин каалаган. Өтө маанилүү жана кымбат баадагы операцияларды жасатуу үчүн кыргызстандыктарга эми алыскы чет өлкөлөргө баруунун кажети жоктугун канааттануу менен белгилеген.
1 / 5

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы ички органдарды трансплантациялоо боюнча биринчи операция ийгиликтүү жасалган Кыргыз-түрк достугу ооруканасына барды

2 / 5

Президенттин маалымат кызматы ал жайда мындай операциялар толугу менен жасала баштаганын, ооруканага квалификациялуу медициналык кызматкерлер тартылып, заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылганын билдирди

3 / 5

Жапаров ички органдарын алмаштырган бейтаптарды көрүп, алардын ден соолугунан, ал-акыбалынан кабар алып, алардын тезирээк сакайып кетишин каалаган

4 / 5

Өтө маанилүү жана кымбат баадагы операцияларды жасатуу үчүн кыргызстандыктарга эми алыскы чет өлкөлөргө баруунун кажети жоктугун канааттануу менен белгилеген

5 / 5

Президент чет элдик дарыгерлерге кайрылып, кыргыз тарапка көп жактуу колдоо көрсөтүп келе жаткан бир тууган Түркияга жеке өзүнүн жана кыргыз элинин атынан ыраазычылык билдирген

"Чет өлкөдө 50-60 миң доллар өлчөмүндө эбегейсиз чыгым болсо, Кыргызстанда ушундай операцияга 10 миң долларга жакын керектелет. Мындай арзан баада ата мекендик адистер башка өлкөлөрдөн келген бейтаптарды да тейлей алышат", — деп айтылган билдирүүдө.
Президент чет элдик дарыгерлерге кайрылып, кыргыз тарапка көп жактуу колдоо көрсөтүп келе жаткан бир тууган Түркияга жеке өзүнүн жана кыргыз элинин атынан ыраазычылык билдирген.
"Садыр Жапаров өлкөгө келген 140 адис ар кандай каалоо-тилектери менен кайрыла аларын, кыргыз тарап аларга Кыргызстанда ыңгайлуу болушу үчүн бардык шарттарды түзүүгө милдеттенерин баса белгиледи", — деп билдирди маалымат кызматы.
Мамлекет башчы келечекте мындай операцияларга чет өлкөлүк жарандар тарабынан суроо-талап күчөсө, анда бул тармакты дагы өнүктүрүү жана кеңейтүү зарылдыгын белгилеген. Кошумча медициналык имараттарды куруу жана көбүрөөк сандагы бейтаптарды кабыл алуу үчүн бул медициналык мекеме жайгашкан жердин аянтын кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн караштырууну тапшырган.
Иш сапарынын соңунда Жапаров Кыргызстанда саламаттыкты сактоону өнүктүрүүгө жана медициналык кадрларды даярдоого кошкон зор салымы үчүн Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин ЕБ жана тышкы байланыштар боюнча башкы директору Кылыч Селамини, Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Мамлекеттик ооруканалар башкы башкармалыгынын департамент башчысы Ташкын Мустафаны Кыргызстандын Ардак грамотасы менен сыйлаган.
Маалымат үчүн. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда гемодиализ алган 2600дөй бейтап бар, ар бир бейтапка мамлекет орто эсеп менен бир сеанска 6,5 миң сомдон бөлөт. Жыл ичинде бул процедураларды төлөөгө мамлекеттик бюджеттен 2,5 миллиард сомго жакын каражат бөлүнүүдө.
Президент саламаттык сактоо тармагы боюнча кеңешме өткөрүп, ишке нааразы болду