Сириядан 100гө чукул кыргызстандык Бишкекке алып келинди

Аялдар менен балдар өлкөнүн түндүк-чыгышындагы лагерде турушкан.
Sputnik
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Бүгүн Сириядан Бишкекке атайын учак менен Кыргызстандын 95 жараны алып келинди, алардын 31и аялдар, ал эми 64ү жашы жете элек балдар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Кезектеги гуманитардык миссиянын алкагында Сириянын түндүк-чыгышындагы лагерде турушкан кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу боюнча "Айкөл" иш-чарасы уюштурулган.
1 / 2

Бүгүн Сириядан Бишкекке атайын учак менен Кыргызстандын 95 жараны алып келинди, алардын 31и аялдар, ал эми 64ү жашы жете элек балдар.

2 / 2

Кезектеги гуманитардык миссиянын алкагында Сириянын түндүк-чыгышындагы лагерде турушкан кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу боюнча "Айкөл" иш-чарасы уюштурулган.

Репатриациялоонун экинчи этабы тышкы саясат, улуттук коопсуздук, саламаттык сактоо, социалдык камсыздоо чөйрөлөрүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын жана укук коргоо органдарынын өз ара иштешүүсүнүн жыйынтыгында жүзөгө ашканы белгиленди.
Мындан тышкары, кыргыз делегациясы Сириянын түндүк-чыгышында жашаган калкка керектүү дары-дармек жеткирип, гуманитардык жардам көрсөткөн.
Белгилей кетсек, "Айкөл" гуманитардык миссиясынын биринчи этабы үстүбүздөгү жылдын февраль айында ишке ашырылган.
УКМК: Сирияда согушуп жүргөн эки кыргызстандык алып келинди