2024-жылы педагогика жана медицина факультеттерине ЖРТнын босого баллы көтөрүлөт

Министр эгер кайсы бир мектептин жалпы абитуриенттеринин орточо баллы 110дон кем болуп калса, анда директору токтоосуз кызматтан алынарын кошумчалады.
Sputnik
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Кийинки жылы жогорку окуу жайларда педагогика жана медицина факультеттерине окуу үчүн ЖРТнын босого баллы көтөрүлөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев "Биринчи радиого" курган маегинде билдирди.
Тагыраагы, педагогика багыты 115ке, ал эми медицина жааты 120 баллга жогорулайт.
"Быйыл университеттеги педагогикалык факультеттерге 6 415 абитуриент тапшырып, анын эки миңден ашууну өтпөй калды. Себеби атаандаштык пайда болду. Ал эми педагогикалык колледждерге 14 269у тапшырса, үч миңдейи кабыл алынган эмес. Эмдиги жылы ЖРТнын босого баллын көтөрсөк, өтпөй калгандардын саны мындан да көп болот. Начар окуган окуучудан жакшы мугалимдин чыгышы кыйыныраак болот", — деди Иманалиев.
Ошондой эле ал мындай чек жыл сайын көтөрүлүп турарын, эгер кайсы бир мектептин жалпы абитуриенттеринин орточо баллы 110дон кем болуп калса, анда директору токтоосуз кызматтан алынарын кошумчалады.
Мектеп директору менен орун басарларынын маянасы 50%га жогорулады