БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Бүгүн, 30-августта, Ош шаарында Россия-Кыргызстан достугу аллеясынын салтанаттуу ачылышы болду. Ал Архистратиг Михаил чиркөөсүнүн жанында жайгашканын Оштогу “Русский дом” билдирди.
“Кыргызстандын түштүк борборунун тургундары жана коноктору достукту, улуттар аралык байланышты чыңдоого багытталган майрамдык иш-чараларды өткөрө турган жаңы эс алуу жайына ээ болушту”, — деп айтылат маалыматта.
Аллея россиялык “Русский лампада” фондунун, Россиянын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун, Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун жана Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен ачылды.