Дагы канчасы калды? Ноокат жолунун 13 чакырымы оңдолуп бүттү

Аткаминер берилген тапшырманы өз убагында аткарганын айтууда.
Sputnik
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Тамтыгы чыккан Ноокат жолунун 13 чакырымына асфальт төшөлүп бүттү. Бул туурасында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ал эми министр Тилек Текебаев социалдык баракчасына видео жүктөп "Ноокат жолу бүттү, берилген тапшырманы өз убагында аткардык" деп айтты. Тактай келгенде, тамтыгы чыккан 50 чакырымдан ашык жолдун 13 чакырымы гана бүткөнү белгилүү болду. Министр ушул тилке эң көйгөйлүү болуп жаткан деп ишендирди.
Ош — Баткен — Раззаков унаа жолунун Ноокат районундагы тилкесин оңдоо иштери ушул жылдын март айында башталган.
Мындан 40 күн мурун өкмөттүн жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев эгер 31-августка чейин Ноокат жолу бүтпөсө Текебаев кызматтан алынарын айткан.
Түндүк — Түштүк жолундагы эң чоң тоннелди казуу иштери аяктады