Садыр Жапаров бир катар кыргызстандыкка мамлекеттик сыйлык ыйгарды. Тизме

Сыйга өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондор татыган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө" жарлыкка кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Анда кыргызстандыктар өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишмердигиндеги зор жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргызстандын Көз карандысыздык күнүнө байланыштуу сыйланышканы айтылат.
I даражадагы Манас ордени менен Абдыганы Эркебаев, Сабырбек Жумабеков, Садык Шер-Нияз сыйланган. Мындан тышкары, өзгөчө сыйга татыгандардын арасында акын, жазуучу Асан Жакшылыков, альпинист Эдуард Кубатов, Гапыр Мадаминов, Меңди Мамазаирова, Султан Раев, Нелли Ахунбаева жана бир катар эмгеги сиңген мекендештер бар.
Толук тизме менен президенттин расмий сайтынан таанышууга болот.
Кыргызга эмгеги сиңгендер... КРдин эл баатырлары боюнча инфографика