Кийинки жылдан тарта Кыргызстандын мектептери ваучердик системага өтүшү мүмкүн

Бюджеттен которулган 65 миллиард сом ар бир окуучуга бөлүнүп берилет.
Sputnik
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Кыргызстандын мектептери 2024-жылдын 1-сентябрынан тарта пилоттук негизде ваучердик каржылоого өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.
"Финансы министрлиги даяр болсо, өкмөт уруксат берсе баштайбыз. Бизге бюджеттен которулган 65 миллиард сомду ар бир окуучуга бөлөбүз, анан окуучу кайсы мектепке барарын өзү тандайт", — деди министр.
Буга чейин министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров бийлик мектептерге ваучердик системаны киргизүүнү карап жатканын, ага ылайык мугалимдерге окуучулардын санына жараша эмгек акы төлөнөрүн билдирген. Мындай ыкма жаңы кабыл алынган "Билим берүү жөнүндө" мыйзамда дагы камтылган.
Ваучердик система — "окуучунун артынан акча ээрчиген" каржылоо принциби. Башкача айтканда, мамлекет каражатты билим берүү мекемесине эмес, ар бир окуучуга бөлөт. Ата-энелер бала бакчаны тандап, Билим берүү министрлигинен атайын эсепке акча (ваучер) алышат. Ошол каражатты мектепке чейинки билим берүү уюмуна которушат. Ата-энелер каражатты накталай чыгарып же башка муктаждыктарга жумшай албайт. Ваучердик системанын артыкчылыгы — билим берүү мекемелеринин ортосундагы атаандаштыкты жогорулатуу, коррупцияны азайтуу жана окуу жайды тандоо эркиндигин берүү.
Радио
Жаңы окуу жылына 136 миңден ашык китеп басылып чыкты