Көп кырдуу талант... 65 жашка чыккан Күмөндөр Абыловдун сүрөттөгү ирмемдери

Бүгүн — белгилүү куудул, актер жана обончу Күмөндөр Абыловдун туулган күнү. Sputnik Кыргызстан агенттиги 65 жашка толгон КРдин эл артистинин сүрөттөгү ирмемдерин сунуштайт.
Sputnik
Күмөндөр Абылов 1958-жылы 30-августта Нарын районунун Учкун айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы Мукамбет таланттуу комузчу, актер болсо, апасы үй кожойкеси эле. Балалыгы ошол айылда жана Нарын шаарында өткөн. Абылов мектепти бүтөрү менен Токмок шаарындагы маданий окуу жайынын үйлөмө аспаптар бөлүмүндө билим алган. Андан соң Советтик Армиянын катарында үйлөмө аспаптар оркестринде кызмат өтөп, Тянь-Шань райондук маданият үйүндө иштеген. 1979-жылдан тарта Нарын облустук Муратбек Рыскулов атындагы музыкалык драма театрында аккордеонист, артист болуп эмгектенип, кийин кинофильмдерде роль жаратып көрүүчүлөргө таанылган. Ондогон обондору ырчы, аткаруучулардын репертуарынан орун алган. 40тан ашык интермедия-монологдордун, төрт спектаклдин музыкалык жасалгасынын автору азыр да чыгармачылык менен алек.
1 / 12

Болочоктогу белгилүү актер ара төрөлүп, кичинекей кезинде көп ооруган. Сүрөттө ал апасы жана энеси менен.

2 / 12

Күмөндор Абылов атактуу актер Советбек Жумадыловдун уулу Канат менен. Өзбекстан, 1980-жыл.

3 / 12

Абылов Токмоктогу маданий окуу жайында үйлөмө аспаптар бөлүмүндө окуган

4 / 12

Жаш талант белгилүү актер Бакирдин Алиев менен

5 / 12

Актер, куудул, обончу Абылов келинчеги Жамила Султанкожоева менен. Нарын шаары, 1987-жыл.

6 / 12

КРдин эмгек сиңирген артисти армиядан келген соң Тянь-Шань райондук маданият үйүндө иштей баштаган

7 / 12

Чыгармачыл инсан театрда такшалып, ошол жактан ар тараптан өнүккөн

8 / 12

Обончунун 40ка жакын чыгармасын азыр ырчы, аткаруучулар элге тартуулап келет

9 / 12

Республикалык үй-бүлөлүк кароо-сынакка келип 1-орунду алган Абыловдор. Фрунзе шаары, 1984-жыл

10 / 12

Куудул 40тан ашык интермедия-монолог жазып, спектаклдерди музыкалаштырып режиссерлук кылган да жайы бар

11 / 12

Замандаштар: Асылбек Өзүбеков, Түгөлбай Казаков жана Күмөндөр Абылов

12 / 12

65 жаштагы КР эл артисти дале чыгармачылык менен алектенип тасмаларда роль жаратып жүрөт