Элдик курултай Бишкекте 15-декабрда өтөт

Иш-чарага бул сапар 700 делегаттын (былтыр ноябрда миң адам болгон) келерин айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Элдик курултай Бишкекте 15-декабрда өтөрүн президенттин маалымат кызматынан кабарлады.
Бул боюнча жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Аталган иш-чарага бул сапар 700 делегаттын (былтыр ноябрда миң адам болгон) келерин айтышты.
Декабрда болчу элдик жыйын мыйзам менен бекитилген документтин негизинде өтмөкчү. Былтыркы курултай мамлекет башчынын жарлыгы менен болгон эле.
Курултайды өткөрүп, анын ишин жөнгө салуу боюнча уюштуруу комитети боюнча убактылуу жобо бекитилген.
Абыкеев: төңкөрүш болсо депутаттар качып кетет, курултайчылар чогулушу керек