Радио

Агроном: Бишкектеги бактардын 30%ы карыды, жаңылоого муктаж

"Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын башкы агроному Жаныбек Жумалиев борбор калаадагы бак-дарактарды жаңылоо маселеси актуалдуу экенин белгиледи.
Sputnik
Бишкектеги бактардын 30 пайыздайы карып, жаңылоого муктаж. Бул тууралуу Жаныбек Жумалиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ишкананын балансында жалпы 250 миңден ашуун бак катталган.
"Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасы шаардын 832 гектарында өскөн бак-дарактарды карайт. Алардын алды 50-60-жылдардан тарта отургузулуп, айрымдары карыды. Анткени ар бир бактын түрүнө жана отургузулган аймагына жараша мөөнөтү болот. Мисалы, жол боюна отургузулган теректердин мөөнөтү 40-45 жыл. Ал эми ошол эле теректердин паркта өсүп жаткандарынын мөөнөтү мындан узагыраак. Болжол менен жалпы бак-дарактардын 30 пайыздайы карып, жаңылоого муктаж болуп турат. Анткени бактар карыган сайын иммунитети түшүп, өсүмдүктүн ар кандай илдеттери аныкталууда. Аларды кыйып, тазалап, жаңылоо маселеси келип чыгууда", — деди Жумалиев.
Ошондой эле ал жалпы тогуз миңден ашуун бак-дарак электрондук каттоого алынганын кошумчалады.