Бишкекте "Барселона" академиясынын курулушуна капсула салынды. Сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Бишкекте "Барселона" футбол клубунун академиясынын курулушуна капсула салынды.
Иш-чарага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен "Барсанын" башчысы Жоан Лапорта катышты.
1 / 4

Бишкекте "Барселона" футбол клубунун академиясынын курулушуна капсула салынды

2 / 4

Иш-чарага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен "Барсанын" башчысы Жоан Лапорта катышты

3 / 4

Курулуш иши үч жыл жүрөт

4 / 4

Бүгүн "Барса" менен Азиянын легендалары Бишкекте жолдоштук беттеш өткөрүшөт

Курулуш иши үч жыл жүрөт. Ага төмөнкүлөр кирет:
Машыгуу талаалары;
10 000 орундуу стадион;
Медициналык реабилитациялык борбор;
Жалпы билим берүү мектеби;
Бала бакча;
1,5 гектар жерде көлмөсү бар парк;
Соода-көңүл ачуучу комплекси;
бизнес-борбор;
мейманкана;
апартаменттер;
4 500 автоунаага жер алдындагы унаа токтотуучу жай;
Олимпиадалык стандарттагы бассейн.
Эске салсак, кечээ күнү Жалал-Абадда бир академия расмий ачылды.
Бүгүн "Барса" менен Азиянын легендалары Бишкекте жолдоштук беттеш өткөрүшөт.
"Барса" менен Азия легендаларынын беттешин кайдан көрсө болот? Тизме