БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. “Барселона” футболдук клубунун мурдагы оюнчулары менен Азия легендаларынын жолдоштук беттешинде “Барса” үч гол киргизип, жеңишке жетти.
Оюн бүгүн, 30-августта, Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.
Биринчи таймда эки голду Ривалдо менен Сорин, экинчи таймда бир голду 7-номердеги Савиола киргизди. Ал эми президент Садыр Жапаров биринчи таймда оюн талаасынан чыгып, анын ордуна Хуршед Махмудов кирген.
Эске салсак, “Барселона” футболдук командасында Ривалдо, Карлес Пуйоль жана башка атактуу футболчулар ойноду. Алар Кыргызстанга Жалал-Абадда испаниялык клубдун академиясынын ачылышына келген. Франшизаны жергиликтүү компания алган.