31-августка карата аба ырайы

31-августта түнкүсүн республиканын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Бейшембиде күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +18…+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +24…+29, Ысык-Көл чөлкөмүндө +20…+25, Нарын облусунда +19…+24 градусту көрсөтөт.
Абанын табы Бишкекте +20…+22, Ош калаасында +25…+27, Чолпон-Атада +21…+23 градуска көтөрүлөт.
Кыргызга эмгеги сиңгендер... КРдин эл баатырлары боюнча инфографика