Радио

Жаңы окуу жылына 136 миңден ашык китеп басылып чыкты

Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана китеп басып чыгаруу секторунун башкы адиси Самат Тоялиев 2023-2024-окуу жылына карата даярдалган китептер тууралуу айтты.
Sputnik
2023-жылы окуу-методикалык комплекстерди даярдоого жана сатып алууга республикалык бюджеттен 152 миллион сом каралган. Бул тууралуу Самат Тоялиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө 36 882 920 сомго 136 320 нуска басылып чыкты.
"2023-2024-окуу жылына министрлик тарабынан тиешелүү даярдыктар көрүлүп жатат. Жаңы окуу жылына жалпы 136 320 нускада жаңы китеп даярдалды. Алардын басымдуу бөлүгү 7-8-класстын окуучуларына арналган. Сентябрдын ортосунда "Алиппе" китебин басып чыгаруу пландалууда. Республикалык бюджеттен 152 миллион сом каралган. Алдыда дагы миллиондон ашык китеп даярдалууда. Андан тышкары, окуу китептеринин ижара акысынан түшкөн каражаттын эсебинен 172 миллион сомго 622 105 нускада окуу-методикалык комплекстер басылып чыгат", — деди Тоялиев.
Ал китеп басып чыгаруу үчүн үч каражат булагы бар экенин кошумчалады.