Европанын борбору Венгрияда Саякбай Каралаевдин эстелиги тургузулду

Эстеликти венгриялык айкелчи жасаганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Венгриянын Будапешт шаарында улуу манасчы Саякбай Каралаевдин эстелиги тургузулду. Бул туурасында ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев билдирди.
Ал мындай саамалык Венгрия парламентинин төрагасынын орун басары Шандор Лежактын көмөгү менен ишке ашканын белгиледи.
"Саякбай атабызга Европанын борборунда айкел тургузулду, болгондо да тамыры, тарыхы, кезегинде заманы бир Мажарстанда коюлду. Оболу Лежак мырза Кыргызстанга келип, ага "Рух-Ордодогу", филармония алдындагы эстеликтерин көрсөттүм. Ал 1970-жылдары "Манас" эпосу жөнүндө угуп, ушу мезгилге чейин көкүрөгүнө катып келген экен. Ал эми Саякбайды рух тумарындай сыйлап келет. Салтанаттуу ачылышта Лежактын эки сөзүнүн бири "Кыргыз, Манас" болду", — деп жазды Раев.
Ал эми Венгрия парламентинин төрагасы Чаба Хенда "Манас" эпосу — акыл-эстин, жан дүйнө баалуулуктарынын империясы" деп ар бир кыргыз сыймыктана турган улуу сөздү айтканын кошумчалады.
Эстеликти венгриялык айкелчи жасаган.
Астанада Манастын айкелин орнотууга 25 млн. сомдук тендер жарыяланды. Эскиз