С. Жапаров Жалал-Абадда “Барселонанын” футбол академиясын ачты. Видео, сүрөт

Жапаров салтанатта сүйлөп жатып УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев академиянын ачылышында анын эмгеги чоң экенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Бүгүн Жалал-Абад шаарында “Барселона” футбол академиясы ачылып, ага президент Садыр Жапаров, “Барселона” футбол клубунун президенти Жоан Лапорта жана бул клубдун өкүлдөрү катышты.
Жапаров салтанатта сүйлөп жатып, кыргызстандык футболчулардын, анын ичинде улуттук курама команданын соңку жетишкендиктерин белгилеп өткөн.
1 / 6

Бүгүн Жалал-Абад шаарында “Барселона” футбол академиясы ачылып, ага президент Садыр Жапаров, “Барселона” футбол клубунун президенти Жоан Лапорта жана бул клубдун өкүлдөрү катышты

2 / 6

Жапаров салтанатта сүйлөп жатып, кыргызстандык футболчулардын, анын ичинде улуттук курама команданын соңку жетишкендиктерин белгилеп өткөн

3 / 6

Академиянын ачылышы аймакта жашаган өспүрүмдөр, жаштар арасында сергек жашоо образын жайылтууга жана ден соолугу чың жаш муундун өсүп чыгышына өзгөчө салым кошоруна толук ишенерин билдирген

4 / 6

Өлкөдө футбол инфратүзүмүн өнүктүрүү боюнча иш-аракеттер ушуну менен гана чектелбестен, Бишкекте “Барселона” футбол клубунун дал ушундай дагы бир академиясынын түптөлүшүнө тилектештигин билдирген

5 / 6

Академиянын тарбиялануучулары келечекте Улуттук курама команданын катарын толуктап, эл аралык аренада өлкө намысын татыктуу коргойт деп үмүттөнөрүн билдирген

6 / 6

Дүйнө чемпионатында ойноо жөн гана куру кыял болуп калбастан, жакынкы мезгилде ал кыялдар иш жүзүндө орундаларына бекем ишенерин айткан

“Бүгүн болсо биз ата мекендик футболду өнүктүрүүгө дагы бир чоң кадам шилтедик. Өзүңүздөр көргөндөй жаркыраган, заманбап, эл аралык талаптарга дал келген, дүйнөлүк футбол айдыңында алдыңкы орунда турган клубдун академиясын ачып, кубанып турабыз. “Барселона” клубунун академиясынын курулушу Кыргызстанда гана эмес, бүтүндөй Борбор Азиядагы эң масштабдуу футболдук инфратүзүмдүк долбоордун бири болду десем жаңылышпаймын”, — деген президент.
Академиянын ачылышы аймакта жашаган өспүрүмдөр, жаштар арасында сергек жашоо образын жайылтууга жана ден соолугу чың жаш муундун өсүп чыгышына өзгөчө салым кошоруна толук ишенерин билдирген.
Өлкөдө футбол инфратүзүмүн өнүктүрүү боюнча иш-аракеттер ушуну менен гана чектелбестен, Бишкекте “Барселона” футбол клубунун дал ушундай дагы бир академиясынын түптөлүшүнө тилектештигин билдирген.
Жапаров салтанатта сүйлөп жатып, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев футболдун фанаты экенин, бул академиянын ачылышында анын эмгеги чоң экенин айтты.
“Бул жерден кошумчалай кетейин, мен өзүм футболчумун, бирок мен күрөштүн, бокстун, ал эми Камчыбек Кыдыршаевич балбан, бирок футбол күйөрманы. Ал эми бүгүн Футбол академиясынын ачылышында анын эмгеги чоң. Өлкөбүздө эл аралык академиялардын саны көбөйүп, футбол инфратүзүмүн өнүктүрүү багыты боюнча иштерибиз ийгиликтүү уланса, жаш оюнчулардын чеберчилиги кыйла артып, жаңы бийиктиктерди багынтабыз деп ойлойм”, — деген С. Жапаров.
Академиянын тарбиялануучулары келечекте Улуттук курама команданын катарын толуктап, эл аралык аренада өлкө намысын татыктуу коргойт деп үмүттөнөрүн билдирген. Дүйнө чемпионатында ойноо жөн гана куру кыял болуп калбастан, жакынкы мезгилде ал кыялдар иш жүзүндө орундаларына бекем ишенерин айткан.
“Барселона” футбол клубунун президенти Жоан Лапортага жана бул клубдун өкүлдөрүнө Кыргызстанга келип, чыныгы футболдук майрам тартуулап жаткандары үчүн жалпы кыргызстандыктардын атынан ыраазычылык билдирген.
Кыргызстанга келген Карлес Пуйолду кантип тосуп алышты. Видео