Рублдин күтүүсүз түшүп кетишинин себеби айтылды

Финансист валютаны өлкөгө кайтаруу рублге таасир тийгизе турган ыкмалардын бири экендигин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Рублдин курсунун бул жайда түшүшүнө россиялык компаниялардын нефтинин экспортунун төлөмү үчүн рупияны арбын көлөмдө алганы себеп болгон. Бул туурасында РФтин мурдагы финансы министри Михаил Задорновго таянып РБК билдирген.
"Дагы бир себеби — "ортодо кыймылсыз турган" рупиялар. Россия Индияга ушул жылдын биринчи жарымында 30 миллиард доллардык мунай жана мунай азыктарын берген. Ал эми биздин импорт болжол менен жылына 6-7 миллиард доллар деп бааланат. Биз Индиядан эч нерсе сатып албайбыз, бирок ал конвертацияланбаган валюта болгондуктан кайтарып да бере албайбыз. Жарым жылдагы 30 миллиард — учурдагы эсептерден да көп болгон оң сальдо", — деген Задорнов.
Ал валютаны өлкөгө кайтаруу рублге таасир тийгизе турган ыкмалардын бири экендигин айтты. Бирок бул процесс россиялык банктарга коюлган санкциялардан улам татаал болууда. Задорнов бул "оңой эмес иштердин" бири экенин айтты.
Борбордук банктын башчысы рубль эмнеге арзандап жатканын түшүндүрдү