БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Кыска аралыкка учуучу Россиянын SJ-100 учагынын үлгүсү асманга биринчи ирет көтөрүлгөнүн РИА Новости жазды.
Бул авиасыноо Комсомольск-на-Амуре аймагында жасалды.
"Сыноо учурунда жергиликтүү өндүрүштөн чыккан бардык системалардын стабилдүү иштеши, учактын башкарылышы, туруктуулугу тастыкталды", — деп айтылган анда.
Лайнерде кыркка жакын система менен агрегаттары алмаштырылган.
Учакты сыноо жүргүзгөн пилоттор Леонид Чикунов менен Дмитрий Деменев жана сыноо жүргүзгөн Денис Велижанин айдап чыккан. Биринчи ирет абада жүргөн убактысы 54 минутага созулуп, аба кемеси 3000 метр бийиктикке көтөрүлүп, саатына 343 чакырым учкан.
"Биринчи иретте заманбап жарандык учактарды өз алдыбызча чыгара аларыбызды өзүбүзгө далилдедик", — деген Авиакурулуш боюнча бириккен корпорациянын президенти Юрий Слюсарь.
Эми кийинки милдет — учакка толугу менен россиялык түс берип сертификатташтырып, андан соң серия менен чыгара баштоо.