Милиция күчөтүлгөн тартипте иштей баштайт

Быйыл Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгын белгилейт.
Sputnik
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Милиция 30-августтан 1-сентябрга чейин күчөтүлгөн тартипте иштээрин ИИМден айтышты.
Эгемендүүлүк күнүнө карата 11 миң милиционер өзгөчө тартипте ишке чыгат. Бул 31-августка арналган майрамдык иш-чараларды өткөрүүдө коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, укук бузууларды, кылмыштуулукту алдын алуу максатында жасалмакчы.
"Учурда жер-жерлерде саптык кароолор өткөрүлүп, анда милиция кызматкерлеринин сырткы келбети, кызматтык форманы белгиленген тартипте кийип жүрүүсү, кызматтык документтери текшерилип жатат. Андан тышкары, ар бир аймактарга жооптуу жетекчилер бекитилип, кызматкерлерге кызматтык милдетти так аткарып, жарандар менен сылык мамиледе болуп, мыйзамдуулукту сактоо боюнча нускамалар жеткирилүүдө", — деп айтылган маалыматта.
Быйыл Кыргызстан 31-августта эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгын белгилейт.
Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкекте өтчү иш-чаралардын тизмеги