Кыргызстандан мөмө-жемишти негизинен ЕАЭБ өлкөлөрү алат

Экспорттун көбү Россия, Казакстанга туура келет.
Sputnik
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Кыргызстандын жүзүмүн негизинен ЕАЭБ мамлекеттери сатып аларын Улуттук статистика комитетинин маалыматтарынан көрсөк болот.
Биринчи жарым жылда наркы 337,8 миң доллар болгон 374,3 тонна мейиз экспорттолгон.
Кардар мамлекеттер:
Россия — 244 тонна;
Казакстан — 128 тонна;
Монголия — 2,3 тонна;
Сауд Арабиясы — көлөмү өтө көп эмес ( ал жерде 58 доллар көрсөтүлгөн).
Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу сыртка жүзүм 104,7 тоннага аз чыккан.
Экспорт негизинен Россия (1,2 эсе), Казакстандын (2,3 эсе) эсебинен улам көбөйгөнү айтылды.
Кыргызстан чет жактан алган өсүмдүк майынын ири көлөмү ЕАЭБден импорттолот