Бишкекте угуусу, көрүүсү начар спортчулардын күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтөт

Мелдешке 13 өлкөдөн 250 спортчу катышат.
Sputnik
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Кыргызстанда угуусу жана көрүүсү начар адамдар арасында грек-рим, ошондой эле эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, мелдеш 2-12-сентябрь күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтөт. Балбандар жаштар, кадеттер жана чоңдор категориясы боюнча беттешке чыгат.
Мелдешке жалпысынан 13 өлкөдөн 250 спортчу катышат. Тагыраагы, Өзбекстан, Казакстан, Иран, Армения, Түркия, Монголия, Литва, Эстония, АКШ, Болгария, Ирак жана Украинадан келишет. Ал эми Кыргызстандын намысын 16 балбан коргойт.
Федерация алыш күрөшүн жайылтуу максатын айтып, сынак жарыялады