Билим берүү жаатындагы маселелер боюнча ишеним телефону иштей баштады

Калк ишеним телефон аркылуу билим берүү тармагындагы түрдүү көйгөйлөрдү билдире алат.
Sputnik
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Өлкөдөгү билим жаатындагы бардык маселелер боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин бирдиктүү ишеним телефону иштей баштады. Мекемеден маалымдашкандай, эми жарандар +996 999 80 05 00 номерине байланышып, суроолоруна жооп ала алышат.
Бул президент Садыр Жапаровдун "Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруунун алкагында түзүлгөн.
"Ишеним телефон аркылуу ар кандай акча чогултуулар тууралуу, жаралган көйгөйлөрдү жана арыздарды билдирсеңиз болот. Бала бакча, мектеп, лицей, колледж, университеттеги көйгөйлөр менен кайрыла аласыздар. Фото жана видеодалилдерди дагы жиберсеңиздер болот", — дешти министрликтен.
Билдирмеде белгиленгендей, ишеним телефону күнү-түнү иштейт.
Мектептердеги окуу китептеринин ижара акысы 25 сом деп бекитилди