Радио

Өлкөдө балдар онкологиясына бөлүнгөн каражат көбөйтүлүүдө

Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын баштапкы медициналык-санитардык жардам бөлүмүнүн башчысы Гүласыл Сүтүева балдар онкологиясы боюнча тегерек стол өткөнүн айтты.
Sputnik
Дүйнө жүзүндөгү өнүккөн өлкөлөрдө онкологиялык оорулардан бейтаптарды айыктыруу, дарттан аман алып калуу көрсөткүчү 80 пайызга жетти. Кыргызстан мындай деӊгээлге жетүү үчүн аракеттерди көрүүдө. Бул тууралуу Гүласыл Сүтүева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги бардык ооруларга бирдей көӊүл бөлүүгө аракет жасайт.
"Кыргызстан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун онкологиялык ооруларды көзөмөлдөөнү жакшыртуу миссиясын чакырды. Мунун алкагында жакында эле балдардын онкологиясы боюнча тегерек стол өттү. Миссия өлкөдөгү онкологиядагы көйгөйлүү маселелерди талдап, чечүү жолдорун сунуштайт. Учурда балдар онкологиясына бөлүнгөн каражат баштапкы жардамга гана жумшалууда. Ал эми баштапкы жардамга жалпысынан 90 миллион сом керектелет. Өкмөттүн медициналык жардамдын кымбат баалуу жана жогорку технологиялык түрлөрүн камсыздоо фонду бар. Ал жактан жыл сайын бирдей суммада каражат бөлүнүп турчу. Азыр бул каражат көбөйтүлүп жатат. Себеби Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун онкология бөлүмүндө трансплантация, эндопротездөө сыяктуу операциялар жасалат. Саламатттык сактоо министрлиги 2017-жылы иммуносупрессорго 11-17 миллион сом бөлсө, эми бул акча көбөйүп 136 миллион сомго көтөрүлдү", — деди Сүтүева.
Ал өлкөдө баштапкы медициналык жардам күчөтүлүп, ал ооруну 80 пайыз алдын алууга багытталарын кошумчалады.