ИИМдин маалымат кызматы билдиргендей, 30-июнда болжол менен саат 20:00дө Ысык-Ата районундагы абактардын бирине белгисиз адамдар тосмодон 983 грамм гашиш ыргыткан.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында шектүүнүн өздүгү аныкталып, Жаза аткаруу кызматынын тергөө башкармалыгына 23 жаштагы К.А. жеткирилген.
"Тергөөнүн жүрүшүндө соттолгон жана жазасын өтөп жаткан жаран байланышка чыгып, маселени оң жагына чечүү жана тууганын (баңгизатты ыргытууга шектелип кармалган К.А.) кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу үчүн ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерине ири суммадагы акча каражатын сунуштаган. Бишкектеги кафелердин биринде 150 миң сом берип жаткан жеринен ортомчулук кылган 33 жаштагы Х.Д. кармалды", — деп айтылат маалыматта.
Пара берүүнү укук коргоо органдарынын кызматкерлерине куралдуу кол салуу жана адам өлтүрүүгө аракет кылуу үчүн соттолуп, абакта отурган жаран уюштурганы белгиленди.
Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.
Тема боюнча: